Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын соода жана өнөр жай тармагында кызматташуусу жаңы деңгээлге чыгат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыштар башкармалыгынын көп тараптуу кызматташтыктын сектор башчысы Нурсултан Кубанычбек уулу билдирди.
Анын айтымында, бүгүн өлкө башчысынын Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар маанилүү документтерге кол коюлат. Анын ичинде Экономика жана коммерция министрлигинин Тажикстандын өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин өтө маанилүү иш чаралар планына кол коюлат. Аталган иш-чаралар планын эки өлкөнүн соода экономикалык жол картасы деп айтууга болот.
“Ошондой эле эки тараптуу сооданы жогорулатуучу эң негизги документ. Документтин негизинде Кыргызстандан Тажикстанга сурма кен байлыгын жеткирүү боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү эки өлкөнүн соода жана өнөр жай тармагында кызматташуусу жаңы деңгээлге чыгат. Ошондой эле соода жүгүртүү тармагы күнгө-күнгө өнүгө берет”,-деди ал.