Кыргызстан менен Тажикстандын соода үйлөрүн ачуу сунушталды

Министрлер кабинети 1601 13 Февраль 2026 16:12
698ec8067f710-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
698ec80723b21-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
698ec807774f2-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
698ec8067f710-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
698ec80723b21-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
698ec807774f2-.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын соода үйлөрүн ачуу зарыл. Мындай сунуш “Ынтымак Ордодо” өткөн Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңешинин биринчи отурумунда айтылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан эт-сүт азыктарын, тигүү-текстиль буюмдарын, көмүр, айнек буюмдарын, анын ичинде курулуш жана атайын айнектерди, ошондой эле кантты жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр.

Ошондой эле жыйында эки мамлекеттин башчыларынын өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча тапшырмасын аткаруу максатында конкреттүү чараларды камтыган "жол картасын" иштеп чыгуу жана ага кол коюу сунушталды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап продукцияны илгерилетүүнүн, ишкерлер ортосунда түз байланыштарды жана туруктуу өткөрүү каналдарын түзүүнүн натыйжалуу механизми катары Кыргызстандын Тажикстандагы жана Тажикстандын Кыргызстандагы соода үйлөрүн ачуу маселесин кароону сунуштады.