Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 5 эсеге өстү

Экономика Загрузка... 08 Июль 2025 12:12
WhatsApp Image 2025-07-08 at 12.11.02.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Жыл башынан бери Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2,1 млн долларды түздү. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыштар башкармалыгынын көп тараптуу кызматташтыктын сектор башчысы Нурсултан Кубанычбек уулу билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 5 эсеге өстү. Экспорт 1,4 млн долларга өссө, импорт 0,7 млн долларга өскөн. Мындай көрсөткүч көп жылдардан берки эң жакшы өсүш.

“Негизинен биз Тажикстанга нефть, азык-түлүк, пластмасса, керамика, айнектен жасалган буюмдарды экспорттойбуз. Ал эми Тажикстандан бизге алюминий, азык-түлүк жана дөңгөлөктүү жабдыктар импорттолот. Чек ара ачылып, тиешелүү келишимдерге кол коюлгандан кийин соода жүгүртүү абдан жакшы өсүп жатат. Бул эки тараптын тең элин кубандырбай койбойт”,-деди ал.