Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстан товар жүгүртүүсүн 500 млн долларга жеткирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине экономика илимдеринин доктору Гүлназ Супаева билдирди.
Анын баамында, бүгүнкү жетишилген бир катар соода-экономикалык документтер жана чек арадагы өткөрмө бекеттеринин ишинин жанданышы алдыга коюлган пландарды ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
“Ааламдашуу, интеграция, жаңы чакырыктардын шартында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда сөзсүз түрдө саясий, социалдык-экономикалык, маданий багыттагы алакалар болушу керек, өлкөлөрдүн кызыкчылыгы да эске алынышы зарыл. Бул алкактан алганда бүгүнкү күндө жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат туура багытта деп эсептесек болот. Эң биринчиден, мында көп жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселеси чечилип, такталып, мындан ары мамиле жаңы тепкичке көтөрүлдү.
Эки мамлекеттин товар жүгүртүүсү буга чейин 1,7 млн доллардын тегерегинде болгон. Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусунан кийин кыргыз-тажик соодасынын көрсөткүчүн 2030-жылы 500 миллион долларга жеткирүү боюнча дымактуу пландар коюлуп жатат. Кыргызстан Тажикстан үчүн гана эмес, Борбор Азия жана башка өлкөлөр үчүн транзиттик мамлекет болгондуктан, транспорттук ташууларда да пайдасы чоң”, - деди Гүлназ Супаева.