Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Пакистан транзиттик сооданы өнүктүрүү боюнча макулдашуу даярдап, ага 2-сентябрга карата кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин Тышкы байланыштар башкармалыгынын адиси Касым Жумашов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, макулдашууга кол коюлгандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө шарт түзүлөт.
“Логистика боюнча айрым маселелер жаралгандыктан, учурда транзиттик соода боюнча макулдашууну 2-сентябрга карата даярдап жатабыз. Бул документке кол коюлгандан кийин өз ара сооданын көлөмү да өсөт деп ойлойбуз”, – деди Жумашов.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылы түзүлгөн. Акыркы жылдары өкмөттөр аралык комиссиянын иши активдешип, анын алкагында бизнес-форумдар өткөрүлүп келет.
“2025-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 16 млн долларды түзгөн. Ал эми 2026-жылдын январь-май айларында бул көрсөткүч 5,2 млн долларга жеткен. Эки тарап 2030-жылга чейин эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 200 млн долларга чейин көбөйтүү боюнча меморандумуна кол коюшкан. Бул меморандумду ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат”, – деди ал.
Мындан тышкары, Кыргызстандын президентинин Пакистанга расмий сапарынын алкагында инвестиция, туризм жана башка багыттар боюнча 17 документке кол коюлганы маалымдалды. Учурда аларда камтылган макулдашууларды ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Адис Кыргызстан үчүн Пакистандын деңиз порттору өзгөчө мааниге ээ экенин жана порттор аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк океан жана деңиз жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болоорун белгиледи.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун Пакистанга акыркы мамлекеттик сапары 2025-жылдын 3–4-декабрында болгон.