Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Малайзиянын Инвестициялар, соода жана өнөр жай министрлигинин эки тараптуу экономикалык жана соода байланыштары боюнча бөлүмүнүн улук директору Рашиди Саид менен жолукту.
ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода жана инвестициялык кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланды.
Элчи Анвар Анарбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар, ошондой эле өлкөнүн инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн мамлекеттик мекемелери жана ишкер чөйрөлөрү ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында соода-экономикалык тармакта биргелешкен иш-чараларды уюштуруу боюнча макулдашууларга жетишилди.