Кыргызстан менен кызматташтык эң жогорку деңгээлге көтөрүлдү – Илхам Алиев

Саясат Жүктөлүүдө... 31 Июль 2026 10:40
761292408_1063438309589617_2704718840709482861_n (1).jpg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.07.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамилелер эң жогорку — союздаштык деңгээлге көтөрүлдү. Бул тууралуу Азербайжандын президенти Илхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык бардык негизги багыттар боюнча туруктуу өнүгүп, алдыга коюлган максаттар толук ишке ашарына ишеним бар.

“Биз дос жана боордош өлкө катары сиздердин ийгиликтерге дайыма кубанабыз. Боордош өлкөнүн жетишкендигин өзүбүздүкү катары кабыл алабыз”, — деди Алиев.

Ал ошондой эле Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоодогу жана эл аралык аренадагы ордун бекемдөөгө багытталган жетишкендиктерин жогору баалады.

Мамлекет башчысы Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду ийгиликтүү иш алып барып жатканын белгилеп, анын каражаттарынын эсебинен бир катар долбоорлор ишке ашырылып жатканын айтты.

Анын белгилешинче, фонддун ишмердүүлүгү кеңейген сайын мындай долбоорлордун саны дагы көбөйүп, эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары чыңдайт.

Мындан тышкары, Алиев Азербайжандын Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын өзгөчө белгиледи. Айрыкча Ысык-Көлдө мейманканалардын курулушу жүрүп жатканы туристтик инфраструктураны жакшыртып, экономикалык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн кошумчалады.