Кыргызстан менен Кытайдын санариптештирүү тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Саясат Загрузка... 06 Февраль 2025 12:13
05-cifrovizaciya-biznesa-min.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.02.25. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытай санариптик тармактагы кызматташтыгын кеңейтүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу тиешелүү меморандум президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында түзүлдү.

Атап айтканда, Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Кытайдын Улуттук өнүктүрүү жана реформалар комиссиясынын ортосунда түзүлгөн меморандум жасалма интеллект тармагында кызматташууну, анын ичинде биргелешкен изилдөөлөрдү, технологиялык алмашууну жана санариптик чечимдерди өнүктүрүүнү камтыйт.

Ал эми Кытайдын Улуттук маалымат башкармалыгы менен кол коюлган документ санариптик экономика, маалыматтарды башкаруу жана интеграциялоо боюнча өнөктөштүктү камтыйт.

Бул келишимдер Кыргызстанда санариптик трансформацияны илгерилетүүгө жана жаңы технологияларды өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.