Кыргызстан менен Комор Аралдарынын ортосунда дипмамилелерди орнотуу талкууланды

Саясат Загрузка... 07 Март 2025 10:30
IMG_1818.jpg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Улукбек Марипов Комор Аралдары Биримдигинин Сауд Аравия Падышалыгындагы элчиси Аль-Хабиб Аббас Абдулла менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушууда өзгөчө көңүл Кыргызстан менен Комор Аралдарынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу, эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу саясий кызматташтыкты орнотуу, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерине бурулду.

Элчи Марипов Кыргызстан жана өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу кыскача айтып берди. Тараптар ошондой эле жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүүнү макулдашты.

Жолугушууда 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргыз Республикасынын талапкерлигин алдыга жылдыруунун алкагында Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен өз ара аракеттенүүсүнө да өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу, расмий сапарларды уюштуруу, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү боюнча биргелешкен иштерди улантуу боюнча макулдашууларга жетишилди.