Кыргызстан менен Индиянын консулдук чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Саясат 1803 13 Февраль 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-02-13 at 14.58.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-13 at 14.58.35.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-02-13 at 14.58.27.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-13 at 14.58.35.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.02.25. /Кабар/. Бүгүн Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Индиянын Кыргызстандагы элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, анын ичинде эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча биргелешкен чараларды, ошондой эле консулдук жана миграциялык процедураларды жөнөкөйлөтүүнүн мүмкүн болгон механизмдерин талкуулашты.

Эки тарап Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын жарандарынын кызыкчылыктарында кызматташууну мындан ары бекемдөө үчүн активдүү өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.