Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Кыргызстан менен Гана кызматташтыктын жаңы этабын баштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинде өткөн жолугушууда Жээнбек Кулубаев билдирди.
Министрдин айтымында, Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблакванын Кыргызстанга алгачкы расмий сапары эки өлкөнүн мамилесинде жаңы барак ачып, дипломатиялык жана экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
“Бүгүн эл аралык чыңалуу күчөп турган шартта жаңы достор менен таанышуу, өз ара түшүнүшүүнү тереңдетүү жана кызматташтыкты бекемдөөдө өзгөчө мааниге ээ”, - деди Кулубаев.
Ал белгилегендей, Кыргызстан 2021-жылдан бери экономикалык жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келет. Өлкөдө экономикалык өсүш “ак илбирс” секириги аркылуу ишке ашып жатса, Ганада кайра жандандыруу программасы ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Ошондой эле тараптар агроөнөр жай, текстиль, мал чарбасы, билим берүү, маалыматтык технологиялар жана тоо-кен тармагында кызматташа алышат.
Анда сырткары, тараптар толук форматтагы дипломатиялык диалогдун механизмин ишке киргизип, өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдарга кол коюшту.
“Мындан ары эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда саясий консультациялар жана жолугушуулар туруктуу негизде өткөрүлүп турат. Ошондой эле дипломатиялык жана кызматтык паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу макулдашуусуна кол коюлду. Бул кадам мамлекеттик органдарыбыздын расмий байланыштарын жеңилдетип, практикалык кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Мындан сырткары, мындай чечим жалпысынан биздин паспортторубуздун аброюн жогорулатууга да салым кошот”,-деди министр.
Кулубаев ошондой эле Кыргызстан менен Гана БУУ жана Африка союзу сыяктуу эл аралык аянтчаларда өз ара аракеттене ала турганын, Кыргызстан Африка союзунда байкоочу макамга ээ экенин, ал эми 2027-жылы Гана бул уюмга төрагалык кыларын белгиледи.
Министрдин айтымында, кызматташтык Советтер союзунан бери уланып келет. Ал учурда кыргыз жогорку окуу жайлары африкалык студенттерди даярдап, айрыкча авиация, инженерия жана медицина тармагында көптөгөн адистерди окуткан. Бүгүнкү күндө ганалык футболчулар Кыргызстандын футбол лигасында ойноп, анын деңгээлин жогорулатууга салым кошуп келишет.
“Жалпысынан Кыргызстан Африкада ишенимдүү өнөктөшкө ээ болуп жатат. Ал эми Гана тарап Евразиянын борборундагы Борбор Азиядагы ишенимдүү доско ээ болду деген үмүттө. Бул сапар кыргыз-гана кызматташтыгын чыңдоого, маданият жана салттарды жакындан таанып-билүүгө, континенттер ортосунда жаңы жана жылуу достукту курууга шарт түзөт”,-деп сөзүн жыйынтыктады Кулубаев.