Бишкек, 16.03.26 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква эки кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Аталган эки документтин мазмуну төмөндөгүдөй:
- Саясий консультацияларды өткөрүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум;
- Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу.
Белгилей кетсек, учурда эки өлкөнүн ТИМ башчыларынын расмий жолугушуусу Тышкы иштер министрлигинде өтүүдө.
Сэмуэль Окудзето Аблаква күн мурун Кыргызстанга келген. Анын расмий иш сапары эртең, 17-мартта аяктайт.