Кыргызстан менен Франциянын экономикалык кызматташтыгынын келечеги талкууланды

Саясат Загрузка... 19 Февраль 2025 15:31
WhatsApp Image 2025-02-19 at 09.09.20.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз Франциянын Тышкы иштер министрлигинин Саясий департаментинин директору Брис Рокфель менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Айрыкча, экономикалык кызматташууну чыңдоо маселелерине, анын ичинде энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары жана туризм тармактарындагы долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

Элчи Кыргызстан эки тараптуу байланыштарды активдештирүүгө кызыкдар экенин айтып, ушул жылы жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштуруу аркылуу саясий диалогду кеңейтүүгө үмүт артарын билдирди.

Буга байланыштуу тараптар ушул жылдын май айында Франциянын Тышкы соода министринин Кыргызстанга иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти. Бул сапар Бишкекте өтө турган кыргыз-француз бизнес форуму менен айкалыштырылмакчы.

Ошондой эле Кыргызстандын энергетика, саламаттык сактоо жана туризм тармактарындагы министрлеринин Парижге тажрыйба алмашуу максатында иш сапарларын уюштуруу боюнча сүйлөшүлдү.

Кыргызстанга француз инвестицияларын тартуу маселелери да талкууланды. Атап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу жана “Үч Чоку” тоо лыжа базасын өнүктүрүү сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Эл аралык уюмдардын алкагында тараптар шайлоо органдарында өз ара колдоо көрсөтүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого даяр экенин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандарынын Францияда сезондук жумушка орношуу маселеси дагы көтөрүлдү. Бул жаатта Европанын башка өлкөлөрү менен ийгиликтүү кызматташуунун тажрыйбасы эске алынды.

Мындан тышкары, тараптар маданий кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. Элчи Францияда өтө турган эл аралык маданий иш-чаралар, анын ичинде Cinema Heritage дүйнөлүк кинофестивалы жана жаңы классикалык музыка фестивалы Patrimoine Musical жөнүндө маалымат берди. Француз тарабы маданий жана билим берүү алмашууларын өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-француз кызматташтыгын чыңдоо үчүн ачык диалогду улантууга жана биргелешкен иш-аракеттерди жүргүзүүгө даяр экенин белгилешти.