Кыргызстан менен Доминикан соода-экономикалык алаканы чыңдайт

Саясат Загрузка... 21 Апрель 2026 09:05
df239739-19eb-35f3-8878-fa2505f1ef04.jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Доминикандын Кыргызстандагы элчиси Алехандро Ариастын ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда тараптар эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди, анын ичинде туруктуу өнүктүрүү, айыл чарба, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы мамилелерди чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин айтышты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Доминикандын ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну белгилешти.

Жолугушуунун соңунда бул маселелерди ишке ашырууну алдыга жылдыруу үчүн өз ара расмий сапарларды жана саясий консультацияларды уюштуруу боюнча биргелешип иштөөнү улантууга макулдашышты.

Белгиленгендей, Доминикандын Кыргызстандагы элчилигинин резиденциясы Москва шаарында жайгашкан.