Кыргызстан менен Беларусиянын аймактар аралык байланыштары тереңдейт

Тышкы саясат 20 июнь 2025 13:02
502523979_4290801547813960_7502089675608473047_n.jpg
502588190_4290801544480627_2522268855185142156_n.jpg
502589181_4290801577813957_1451421694350291731_n.jpg
Алдыга
Артка
502523979_4290801547813960_7502089675608473047_n.jpg
502588190_4290801544480627_2522268855185142156_n.jpg
502589181_4290801577813957_1451421694350291731_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 20.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Эрбол Султанов Беларусиянын улуттук жыйынынын республика кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту. Бул тууралуу элчи өзү маалымдады.

Маалыматта белгиленгендей, жолугушууда кыргыз-беларус эки тараптуу кызматташуусу бардык багыттарда, анын ичинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдешкендигин канаттануу менен белгиленди.

Элдик дипломатиянын маанилүү элементи катары парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү айтылып, бул өңүттө Кыргызстан менен Беларустун аймактар форумун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунушталды.

Өз кезегинде Беларусь парламентинин төрайымы республика кеңеши аймактык өкүлчүлүктүү орган экенин белгилеп, аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү сунушун колдоого алды.

Мындан сырткары, жолугушуу жүрүшүндө айыл чарба жана өнөр жай тармагында биргелешкен кооперация долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.