Кыргызстан менен Багам аралдарынын ортосунда дипбайланыштарды түзүү маселеси талкууланды

Саясат Загрузка... 05 Март 2025 17:50
с Послом Багамских островов (1).jpeg
copyright icon Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 05.03.25. /Кабар/. Вашингтон шаарында Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев Багам аралдарынын АКШдагы элчиси Вендалл К. Джонс менен жолукту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасы менен Багам аралдарынын ортосунда дипломатиялык байланыштарды түзүү маселелерин талкуулады.

Андан сырткары, Айбек Молдогазиев өлкөнүн тышкы саясий демилгелерин, анын ичинде 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин кесиптешине маалымдады.