Кыргызстан илимди башкаруунун эски моделинен заманбап тутумуна өттү – министр

Коом Загрузка... 22 Май 2026 14:04
WhatsApp Image 2026-05-22 at 13.06.46.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Кыргызстан илимди башкаруунун эски, консервативдүү моделинен динамикалуу жана заманбап тутумуна өттү. Бул тууралуу илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана техника маселелери боюнча министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин 10-жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алдыга жылуу үчүн мезгилдин чакырыктарына жана реалдуу экономиканын талаптарына жооп берген терең түзүмдүк модернизациялоо талап кылынары айкын болду.

Ал өз сөзүн төмөнкү фактылар менен бекемдеп, үч негизги багытты атады:

“Биринчиден, жогорку окуу жайлардын автономиясы. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү 11 алдыңкы ЖОЖ өзгөчө макамга ээ болду. Алар азыркы учурда реалдуу бизнес менен түздөн-түз иштешип, билим берүү программаларын өзгөрүп жаткан рыноктун талаптарына ылайык ийкемдүү түрдө ыңгайлаштырууда.
Экинчиден, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан максаттуу инвестициялар бөлүнүүдө. Жакында эле 2026-жылдын май айында, мамлекет өлкөнүн беш негизги жогорку окуу жайына илимди жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн 19,5 млн АКШ долларын бөлүп берди. Бул максаттуу гранттар өзгөчө шарттарда (10 жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен 50 жылга) берилди жана алар так илимди коммерциялаштырууга, прикладдык изилдөөлөргө жана жогорку технологиялык инновациялык инфраструктураны түзүүгө багытталган. Өзүңүздөр байкагандай, биз бүгүн өнүгүүнүн конкреттүү багыттарына инвестиция салып жатабыз”,-деди министр.

Ал эми үчүнчүдөн, санариптик айкындуулук экендигин министр белгиледи.

“Биз Кыргыз илимий цитата келтирүү индексин (КИНЦ) активдүү киргизип жатабыз. Бул биздин илимий чөйрөнү плагиаттан толугу менен тазалай турган, изилдөөчүлөрдүн академиялык репутациясын коргой турган жана алардын эмгектерин глобалдык маалымат базаларына интеграциялай турган улуттук санариптик платформа болуп саналат. Мунун натыйжасында биздин алдыңкы алты университетибиз кадыр-барктуу эл аралык QS Asia University Rankings рейтингине кирди”,-деди ал.