Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда өткөн суудагы "Формула-1" боюнча дүйнө чемпионатына болгон жогорку кызыгуу коңшу өлкөлөрдү да шыктандырды. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Казакстан дүйнө чемпионатынын этаптарынын бирин өз аймагында өткөрүү боюнча келишимге жетишти.
Ошол эле учурда ал Кыргызстан аймактагы бул багыттагы алгачкы өлкө катары өз ордун сактап, F1H2Oнун эл аралык календарындагы негизги даталарды өзүнө бекиткенин белгиледи.
"F1H2Oну өткөрүү боюнча артыкчылык Кыргызстанда калат. 31-июлдан 1-августка чейинки даталар Эл аралык спорттук календарда расмий түрдө өлкөбүзгө бекитилди. Мен муну биздин чоң жетишкендигибиз деп эсептейм", - деди Кубатов.