Бишкек, 20.11.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын аймагы аркылуу Түркмөнстандан Кытайга өтүүчү ири газ түтүгүн куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын билдирди.
Парламенттин билдиришкендей, бул маселе 20-ноябрда Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дуньягөзел Гулманова менен болгон жолугушууда көтөрүлдү.
Ошондой эле тараптар жаратылыш газын жана мунай продуктуларын жеткирүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Мындан тышкары, Түркмөнстандан Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү боюнча калыптанган тажрыйбаны улантуунун маанилүүлүгү белгиленди.