Кыргызстан – аймактык хаб. ШКУ мамлекеттеринин транспорт министрлеринин жыйыны өтүүдө

Коом Жүктөлүүдө... 23 Апрель 2026 11:30
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.35.jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.36 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.35 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.34 (3).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.35 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.34 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.33 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-04-23 at 11.15.34 (2).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.04.26 /Кабар/. Бишкекте өтүп жаткан “Кыргызстан – аймактык хаб: континенттерди бириктирүүчү” эл аралык транспорттук форумунун алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин транспорт министрлеринин 13-жыйыны өтүүдө.

Жыйындын жүрүшүндө транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев форум конкреттүү чечимдерди кабыл алуу жана кызматташтыкты чыңдоо үчүн натыйжалуу аянтча болорун белгиледи.

Ошондой эле ал ШКУ түзүлгөн 25 жыл аралыгында маанилүү көп иштер аткарылгандыгын жана мындан ары да Кыргызстан уюмдун алкагында долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга, мультимодалдык каттамдарды өнүктүрүүгө жана инвестиция тартууга ачык экендигин билдирди.

Аталган 13-жыйынга төмөнкүлөр катышууда:

  1. Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри;
  2. Беларустун транспорт жана коммуникациялар министри;
  3. Индиянын темир жолдор министри;
  4. Ирандын жолдор жана транспорт министри;
  5. Казакстандын транспорт министри;
  6. Кытайдын транспорт министри;
  7. Пакистандын транспорт министри;
  8. Россиянын транспорт министри;
  9. Тажикстандын транспорт министри;
  10. Өзбекстандын транспорт министри;
  11. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы.

Жыйындын негизинде ШКУга мүчө мамлекеттердин транспорт тармагындагы кызматташуусун өнүктүрүү боюнча атайын жумушчу топ тууралуу жобонун долбоорун кабыл алуу пландалууда.