“Кыргызстан аэропорттору” ААК экотаксилерди ишке киргизүүдө

Коом 07 Март 2025 20:22
481083370_9261347967283962_1027125023581715856_n.jpg
481775715_9261347227284036_6854730035521567607_n.jpg
481077909_9261348310617261_6823232642189531281_n.jpg
481085318_9261346943950731_3476408881379903905_n.jpg
481775715_9261347227284036_6854730035521567607_n.jpg
481821339_9261347330617359_7358903167286485258_n.jpg
481900480_9261348293950596_6731583204275508672_n.jpg
482047333_9261348023950623_4027170525067117431_n.jpg
482054420_9261348453950580_6108563733926660521_n.jpg
482058487_9261348057283953_124069094409721118_n.jpg
482059524_9261387017280057_4676268271035184437_n.jpg
482244753_9261348377283921_9148510245570518224_n.jpg
482345782_9261347773950648_2653522453866092140_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгы

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 07.03.25. /Кабар/. “Кыргызстан аэропорттору” ААК “Компас Трансфер” ООО транспорттук компаниясы менен биргеликте экологиялык жактан таза жаңы такси кызматын ишке киргизди.

Аэропорттон билдиришкендей, эми жүргүнчүлөр үчүн атайын экотакси кызматы жеткиликтүү болот. Бул аэропортко жетүүнү жана кетүүнү ыңгайлуу, заманбап жана экология үчүн коопсуз кылат.

Долбоор зыяндуу газдардын көлөмүн азайтуу жана өлкөдө экологиялык таза транспортту өнүктүрүүгө багытталган. Электр унааларын колдонуу айлана-чөйрөгө болгон терс таасирди гана азайтпастан, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу жана заманбап жүрүүнү сунуштайт.

Экотаксини ишке киргизүү “жашыл” авиация инфраструктурасына карай маанилүү кадам. Бул “Кыргызстандын аэропорттору” ААКтын инновациялык чечимдерди ишке ашырууга жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнү жакшыртууга умтулуусун тастыктайт.

Белгилей кетсек, жакынкы күндөрү жүргүнчүлөр билет сатып алууда көздөгөн жерине которуу кызматын дароо тандап ала турган тиркеме иштелип чыгат. Ошондой эле “Манас”аэропортунда жүргүнчүлөр экотаксиге буйрутма бере турган санариптик маалымат бурчтар орнотулат.