"Кыргызалтын" жылдын I жарымында рекорддук киреше – 17 млрд сом алды

Экономика Загрузка... 25 Июль 2025 15:12
kyrgyzaltyn-850x560.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.07.25. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААКтын 2025-жылдын биринчи жарымындагы кирешеси рекордго жетти. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 6 айында компаниянын таза кирешеси 17 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,9 эсеге өскөн.

"Мындай натыйжага компаниянын айрым аймактарын натыйжалуу башкаруунун жана оптималдаштыруунун аркасында жетишилди", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө "Кыргызалтын" ААК бардык бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу багытты карманууда, ошондой эле киреше алуу үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо.