Кыргыз-тажик алакасынын оң динамикасы экспорттук мүмкүнчүлүктү кеңейтти – Балтагулов

Экономика Загрузка... 11 Июль 2025 15:55
WhatsApp Image 2025-07-11 at 11.27.27.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек 11.07.25 /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алакалардын оң динамикасы эки тараптуу экономикалык кызматташуунун жаңы барагын ачып, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын төрагасы Рустам Балтагулов билдирди.

Анын айтымында, жакында өткөн кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форумдун алкагында эки өлкөнүн ишкерлери бир катар маанилүү маселелерди талкуулап, продукция жетишсиздиги жана өндүрүштүк потенциал тууралуу кеңири пикир алышты.

“Форум учурунда кайсы тарапка эмне жетишпей жатат, кандай мүмкүнчүлүктөр бар деген маселелерге терең токтолдук. Ассоциация катары биз ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо менен чет өлкөлөргө, анын ичинде Тажикстанга продукция экспорттоо багытында активдүү иштеп жатабыз. Экспорт бул өндүрүштүк ишканалардын өсүшү, жаңы технологиялардын келиши жана өлкө экономикасынын өнүгүшү дегенди билдирет. Форум учурунда кыргыз тарап өз продукцияларынын сапаты жана көлөмү тууралуу кеңири маалымат берип, бир нече келишимдерге кол коюлду. Алардын ичинде жумуртка, көмүр жана сүт азыктарын экспорттоо маселеси да бар. Тажикстанда дал ушул багыттагы продукцияларга суроо-талап жогору экендигин айтышты. Биздин ишкерлер үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк. Ал келишимдердин негизинде тиешелүү ишканалар өндүрүш көлөмүн кеңейтүүгө киришти”, - деди ал.

Балтагулов белгилегендей, форумдун алкагында улуттук көргөзмө да уюштурулуп, анда кыргыз продукциялары кеңири тартууланып, тажик тараптан чоң кызыгуу жаратты.

“Мындай форумдар эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүн жакындаштырууда жана регионалдык экономикалык кызматташууну бекемдөөдө маанилүү ролду ойнойт”,- деп белгиледи Балтагулов.