Кыргыз-монгол кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган документтерге кол коюлду

Саясат 2116 21 Июль 2025 12:02
521320967_1288981136569851_2949159045737689164_n (1).jpg
520445115_1288981473236484_132477452358574875_n.jpg
519695050_1288981376569827_2293442625084033198_n.jpg
520444964_1288981319903166_6348580727824872161_n.jpg
520885610_1288981269903171_5694185658019077036_n.jpg
519422891_1288981496569815_1952743196483713168_n.jpg
520558280_1288981219903176_2085858287892601816_n.jpg
520140643_1288981423236489_3686716091515575802_n.jpg
519621394_1288981153236516_4778461682725253313_n.jpg
520260308_1288981076569857_4123635639072768055_n.jpg
519545638_1288981009903197_1103128305429901015_n.jpg
522136760_1288980963236535_3226899012995831517_n.jpg
521166129_1288980909903207_6782671247225518886_n.jpg
521347192_1288980833236548_1746817299604380642_n.jpg
521909867_1288980726569892_2235895399215319615_n.jpg
520539294_1288980759903222_7159696367784857489_n.jpg
521338124_1288981093236522_5606878772895970899_n.jpg
521320967_1288981136569851_2949159045737689164_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. "Ынтымак Ордодо" Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун катышуусунда эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган эки тараптуу документтердин тизмеси:

  1. Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы өткөрүп берүү жөнүндө келишим.
  2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Монголиянын Өкмөтүнүн ортосундагы Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуу.
  3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2026-2027-жылдарга кызматташуу программасы.
  4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен Монголиянын Тамак-аш, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин ортосундагы жүндү кайра иштетүү тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.
  5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен Монголиянын Маданият, спорт, туризм жана жаштар министрлигинин ортосундагы Маданият тармагындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум.
  6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Монголиянын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана коммуникациялар министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  7. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Монголиянын Коопсуздук жаатында изилдөөлөр улуттук институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  8. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Монгол мамлекеттик университетинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  9. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен Монголиянын Дархан-Уул аймагынын Администрациясынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  10. Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Монголиянын “Монцамэ” улуттук маалымат агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.
  11. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен Монголиянын Илимдер академиясынын ортосундагы илимий кызматташтык жөнүндө макулдашуу.
  12. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен Монголиянын Илимдер академиясынын Археология институтунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  13. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы менен Монголиянын Улуттук телекөрсөтүүсүнүн ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кол коюлган келишимдердин негизинде Монголия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташуу, достук мамиле жаңы деңгээлге көтөрмөкчү. Эксперттер бул сапар соода, транспорт, туризм жана маданий алмашуу сыяктуу тармактарда кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилешет.

Монголия лидеринин Бишкекке сапары президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандын эл аралык байланыштарын чыңдоого жана аймактагы көп тармактуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жигердүү дипломатиялык саясатынын айкындыгын көрсөтүп турат.

Эске салсак, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух кечээ, 20-июлда Бишкекке мамлекеттик сапары менен келип, президент Садыр Жапаров "Манас" эл аралык аэропортунда тосуп алды.