Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Кырсык 11 март 2026 17:27
Кыргыз-кытай чек арасында жер титиреди

Бишкек, 11.03.26 /Кабар/. Бүгүн саат 13:31де Кытайдын аймагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.

Мекеменин маалыматына караганда, жер титирөөнүн очогу Какшаал-Тоо кыркаларында жайгашып, Бедел айылынан түштүк-чыгышты карай 25 чакырым, ал эми Каракол шаарынан түштүк тарапты карай 135 чакырым алыстыкта болгон.

Кыргызстандын калктуу конуштарында жердин титирөөсү сезилген жок.