Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. Акыркы жылдары Кыргызстан менен Казакстандын кызматташтыгы мамлекет башчыларынын ишенимдүү мамилелеринин негизинде жаңы деңгээлге чыкты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынында билдирди.
Ал өз сөзүндө эки элди көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турарын белгиледи.
“Биздин боордош элдерди эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн толук ишке ашыруу үчүн бекем негиз болгон көп кылымдык тарыхый, руханий жана боордоштук байланыштар бириктирип турат. Акыркы жылдары мамлекет башчыларыбыздын ишенимдүү мамилелеринин негизинде өлкөлөрүбүздүн ортосундагы кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты”, — деди Касымалиев.
Анын айтымында, өткөн жылы Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга жасаган расмий сапары эки өлкөнүн мамилелери союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде экенин дагы бир жолу тастыктады.
Ошондой эле саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы байланыштар конструктивдүү өнүгүп жатканын белгиледи.
Министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз-казак мамилелерин чыңдоого кошкон салымы, биргелешкен демилгелерди колдогону үчүн Олжас Бектеновго ыраазычылык билдирди.
Ал Казакстандын өкмөт башчысынын бүгүнкү расмий сапары эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана мамлекеттер ортосундагы көп кырдуу байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Казакстанды өтүп кеткен улуттук майрамы Республика күнү менен куттуктап, боордош казак элине тынчтык, өнүгүү жана ийгиликтерди каалады.