Бишкекте Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өтүүдө

Саясат
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.14.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.14.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.14.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.47.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.25.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.14.10.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.14.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.14.03.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.47.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.40.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-30 at 13.13.25.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.10.26. /Кабар/. “Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун катышуусунда кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйыны өтүүдө.

Жыйын Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында уюштурулган.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактардагы кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 14-жыйынына минкаб төрагасынан тышкары кыргыз тараптан төмөнкү мамлекеттик кызмат өкүлдөрү катышууда:

  • КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков
  • КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков
  • КР экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов
  • КР финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов
  • КР суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бактыбек Анаркулов
  • КР транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев
  • КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков
  • КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев
  • Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Кудайберген Базарбаев.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 13-ноябрында Казакстандын Астана шаарында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун төрагалыгы алдында өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйыны өткөн. Анда соода-экономикалык, суу-энергетикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кыргыз-казак кызматташтыгынын маселелери каралган.