Кыргыз делегациясы Исламабаддагы өнөр жай объекттеринде болушту

Экономика Загрузка... 03 Декабрь 2025 19:02
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун Пакистанга расмий сапарынын алкагында кыргыз делегациясы Исламабаддагы өнөр жай-технологиялык объекттеринин иши менен таанышты. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда Пакистандын негизги өндүрүштүк жана илимий-изилдөө мекемелери менен таанышуу уюштурулду. Делегация Пакистан гидрокарбандарды иштеп чыгуу институту, Фармацевтикалык компаниясы Bio-Labs (Pvt) Ltd, Пакистандын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясында болушту.

Иш сапардын жүрүшүндө делегацияга ишканалардын ишмердүүлүгү, алардын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү, өндүрүштүк кубаттуулугу, мамлекеттик колдоо чаралары жана экспорттук потенциалы көрсөтүлдү. Кыргыз тарап Пакистандын өнөр жай, фармацевтика жана илимий-техникалык иштелмелер жаатындагы алдыңкы тажрыйбалары менен таанышты.

Мындан тышкары, бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жолугушуулар өтүп, алардын жыйынтыгында өнөр жай, фармацевтикалык өндүрүш, илимий-техникалык алмашуу жана өз ара инвестицияларды илгерилетүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча алгачкы макулдашууларга жүрүп, ишкердик байланыштар түзүлдү.

Кыргызстан Пакистан менен жеке сектор, тармактык бирикмелер жана өнүктүрүү институттарынын деңгээлинде кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоодо жана өнөр жай менен жогорку технологиялык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө маанилүү кадам болору айтылды.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат.