Кырчын жайлоосунда “Биримдик кербени” салтанаттуу тосуп алынды

Көчмөндөр оюндары-2026 2 сентябрь 2026 11:25
WhatsApp Image 2026-09-02 at 12.05.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-02 at 12.05.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-02 at 11.16.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-02 at 11.34.46 (2).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-02 at 12.05.08.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-02 at 12.05.07.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-02 at 11.16.35 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-02 at 11.34.46 (2).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосундагы “Кут Ордо” негизги сахнасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Биримдик кербени” республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербени салтанаттуу тосуп алынды.

“Биримдик кербени” — өлкөнүн бардык аймактарын камтыган 40 күндүк маданий-символдук жүрүш. Анын негизги максаты — кыргыз элинин биримдигин, ынтымагын, достугун жана көчмөндөрдүн салт-санаасын даңазалоо. Кербендин жүрүшүнө өлкөнүн аймактарынан өкүлдөр, атчандар жана маданий топтор катышты.

Долбоордун өзгөчөлүгү — Кыргызстандын ар аймагындагы ыйык булактардан алынган сууларды бир жерге чогултуу. Баштапкы азем Баткен облусунун Лейлек районундагы Төө жайлоосунда жайгашкан Шооваз булагынан суу алуу менен башталган. Алынган суу атайын көөкөргө куюлуп, атчандар коштогон кербен аркылуу өлкөнүн аймактарын аралап өткөн.

Суу бул долбоордо жөн гана жаратылыш байлыгы эмес, жашоонун, тазалыктын, руханий жаңылануунун жана элдин биримдигинин символу катары каралган. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы символдорунун бири катары суу тандалган.

Долбоордун жүрүшүндө ар бир аймактан чогултулган суу бирдиктүү символдук суу катары бириктирилип, өлкөнүн ар кыл аймактарынан келген элдин биримдигин жана ынтымагын чагылдырган мааниге ээ болду. Бишкекте да “Биримдик кербени” алкагында сууну даңазалоо аземи өтүп, көөкөргө бийик тоодогу табигый булактан алып келинген суу кабыл алынган.

Уюштуруучулардын түшүндүрүүсүндө, ар башка аймактардан чыккан булак сууларынын бир идишке биригиши — Кыргызстандын бардык аймактары бир бүтүн экенин, элдин күчү ынтымакта экенин символдоштурат.

Ошентип, Кырчын жайлоосуна келген “Биримдик кербени” көчмөндөрдүн тарыхый көч салтын заманбап маданий долбоор менен айкалыштырып, өлкө ичиндеги ынтымакты жана элдердин достугун даңазалаган символдук иш-чарага айланды.

Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.