Кыдырбаев: Кытай менен кызматташуу Кыргызстанга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат

Экономика 27 августа 2026 14:35
WhatsApp Image 2026-08-27 at 11.52.52 (1).jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.08.26 /Кабар/. Кыргызстан Кытай менен кызматташууда билим жана тажрыйба алуу кеңири мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу министрлер кабинетине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы 30-40 жылда Кытай дүйнөдөгү ири экономикалардын бирине айланып, көптөгөн тармактарда алдыңкы орундарды ээлеп келет.

“Биз Кытайды мурда соода-сатык менен гана байланыштырчубуз. Азыр бул түшүнүк туура эмес. Кытай көптөгөн тармактарда, анын ичинде электр энергиясын өндүрүүдө, унаа чыгарууда, темир жол курууда, илим жана билим берүүдө алдыңкы мамлекеттердин катарында”, — деди ал.

Кыдырбаев мисал катары Кытайдын электр энергия өндүрүү мүмкүнчүлүгү кыйла жогору экенин, өлкөдө электр унааларын чыгаруу жана темир жол куруу боюнча да ири көрсөткүчтөр бар экенин белгиледи. Ошондой эле Кытай илим-изилдөө жана билим берүү тармагына ири көлөмдө инвестиция салып жатканын айтты.

“Биз Кытайдай боло албайбыз, болуунун да кереги жок. Биздин өзүбүздүн жолубуз бар. Бирок, Кытай менен кызматташуу Кыргызстан үчүн билим жана тажрыйба алууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт. Биз ошол мүмкүнчүлүктү колдонушубуз керек”, — деди Улук Кыдырбаев.