Бишкек, 15.12.25 /Кабар/. 25-26-декабрь күндөрү Бишкек шаарында IV Элдик курултай өтөт. Ага өлкөнүн жети облусунан 700 делегат катышат. Нарын облусу боюнча 43 делегат шайланган. Алардын бири Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну Мирбек Монкоев. Нарындык делегаттар элет эли менен жолугушуп, бир топ маселелерди тизмектеп жатканын айтышты. Курултайда негизги төрт багыт боюнча көйгөй көтөрөбүз деп турушат. Алар: медицина, билим берүү, айыл чарба жана өндүрүш жаатында.
Мирбек Монкоев, Кочкор районунун Көк-Жар айылынын тургуну
“Медицина тармагында эң көйгөйлүү маселе бул бөйрөк оорусу болуп жатат. Районубузга гемодиализ борборун ачуу демилгесин көтөргөнү жатабыз. Анткени, гемодиализ алгандар жумасына 3-4 жолудан Бишкек, Балыкчыга катташат. Билим берүү жагынан болсо, айылдардан атайын орус тилдүү мектептерге барып-келип окугандар көп. Балдар орусча үйрөнгүсү келет. Бирок транспорттон кыйналып жатышат. Ошон үчүн кичи автобустарды уюштуруп берсекпи дейбиз”,-деди ал.
Нарындык делегаттар эл менен жолугушууларды улантышууда. Элеттиктердин басымдүү бөлүгү айыл чарба менен алектенет. Талылуу маселе мына дал ушул жерде. Андан соң өндүрүш тармагы.
“Маанилүү көйгөйлөрдүн 90 пайызы айыл чарбасына тийиштүү. Сугат системалары, каналдар, БДР, БСР, гидротехникалык курулуштарды салуу, сууну талааларга жеткирүү, сугат системасын оңдоо. Айыл чарбадагы экинчи көйгөй, бул — техникалардын эскилиги. Негизи айыл чарба техникасын Кыргызстан боюнча жаңыртышыбыз керек экен. Анан бизде өндүрүш дагы маанилүү болуп жатат. Биздин район борборго жакын. Жолдун так ортосундабыз. Ошон үчүн бизге завод, фабрика, цехтер керек экен”, - дейт ал.
Элдик курултай алгачкы жолу 2022-жылдын ноябрь айында өткөрүлгөн. Ошондон бери жыл сайын үзгүлтүксүз уюштурулуп жатат. Курултайда чиеленишкен көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү жолдору талкууланат.