Курманов: Жок митингге чакыргандарды биринчи жолу көрүп жатам

Пикир Загрузка... 08 Апрель 2025 14:40
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Коомдук жана саясий ишмер Зайнидин Курманов “Кабар” агенттигине өлкөдөн чыгып кеткен, чет жакта жүрүп митингге чакырган активисттер тууралуу өз пикирин билдирди.

Анын айтымында, ал биринчи жолу чындыкка дал келбеген, калп нерселерге негизделген деструктивдүү псевдосаясий ишмердүүлүктү байкаган.

"Бизде буга чейин сансыз митингдер, демонстрациялар болуп турчу. Алар карапайым элге эмне берди? Эч нерсе берген жок. Бирок ошол убакыттын ичинде, ондогон жылдар бою, мен биринчи жолу жасалма нааразылык акциялар жөнүндө угуп жатам. Эч кандай митинг жок, бирок ал болуп жатат деп элди топтош үчүн чакырып жатышат. Бул чакырыктарга эч ким көңүл бурган жок, эч ким чыкпады. Эл жалган маалыматка ишенип, чагымчылардын айла-амалдарына алданбай калганы жакшы көрсөткүч.

Митингге чакыргандар, кадимки эле провокаторлор. Кандайдыр бир шылтоо менен элди чогултуп, элди бири-бирине каршы тукуруп, чыр-чатак чыгарууну каалашат. Тилекке каршы, бизде мындай адамдар болгон, бар жана боло берет. Мындайлардын арасында жөн эле айласы кеткендер кездешет, мындан бизнес кылгандар дагы бар.

Дегеле, козголоң же башка ушул сыяктуу аракеттер болуш үчүн, кандайдыр бир шарттар болууга тийиш. Бул жерден кимдир бирөө зээригип, көңүл ачып, ойноону чечкен фактыга туш болдук. Мындан ары ушундай көрүнүштөргө жол бербеш үчүн, ушуларга окшогон адамдарды тарбиялап, адептүүлүккө үйрөтүү керек», - дейт Зайнидин Курманов.