Бишкек, 29.01.28. /Кабар/. Кумтөрдү өзүбүзгө алып, өлкөнүн кызыкчылыгын коргой алдык. Бул тууралуу министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров “Беш жыл- жаңы доордун башаты” даректүү тасмасында айткан.
“2022-жылы биз Кумтөрдү толугу менен өзүбүзгө алдык. Кумтөрдү Кыргызстанга кайтарып алуу бул кыргыз элинин намысын кайра Кыргызстанга алып келүү болду. Мында мамлекет “Центерра” деген трансулуттук корпорация менен сүйлөшүп, анан өзүнүн кызыкчылыктарын коргоодо мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө алды”, - деп белгиледи ал.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматындагы беш жылдык ишмердүүлүгүнө арналган “Беш жыл – жаңы доордун башаты” аттуу даректүү тасма тартууланды.
Анда Садыр Жапаровдун президенттик кызматтагы беш жылдык ишмердүүлүгүнүн маанисин ачып берет. Анда өлкөдө жүргүзүлгөн чечкиндүү реформалар, криминал жана коррупцияга каршы күрөш, улуттук байлыктарды элге кайтаруу жана экономикалык өнүгүүдөгү өзгөрүүлөр белгиленет.