Бишкек, 23.07.26. /Кабар/. Турганбаев Кубанычбек Жээналиевич транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бүгүн Кубанычбек Турганбаев министрликтин жамаатына тааныштырылды.
Ал 1981-жылдын 29-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылында туулган. 2006-жылы Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргызстан университетин "Юриспруденция" адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 2007-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде баштап, 2021-жылга чейин аталган мекемеде ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.
2022-2024-жылдары "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын "Кумтөр" кениндеги коопсуздук кызматынын башчысы кызматында иштеген. 2024-2026-жылдары "Азия Имарат" ЖЧКсынын башкы директору кызматын аркалаган.