Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы ”Ала-Тоо“ кинотеатрында Коргоо министрлигинин кызматкерлери үчүн “Жусуп” тарыхый-драмалык көркөм тасмасынын атайын көрсөтүүсү болуп өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, тасма кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана бекемделишине зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана мамлекеттик ишмердигине арналган. Көркөм тасмада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхы, ошол мезгилдеги маанилүү саясий жана мамлекеттик чечимдер, ошондой эле өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчилик алган инсандардын тарыхый ролу чагылдырылган.
Көрсөтүүнүн соңунда тасманын чыгармачыл тобу менен жолугушуу өтүп, фильмдин идеясы, жаралуу тарыхы жана тартуу процесси тууралуу пикир алмашуу болду. Чыгармачыл топ катышуучулардын суроолоруна жооп берди.