Бишкек, 09.10.26. /Кабар/. Коргоо министри Руслан Мукамбетов Баткен гарнизонундагы аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн жана курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министр өлкөнүн түштүк аймактарына жасаган жумушчу сапарынын алкагында аскер бөлүктөрүн жана аскер комиссариаттарын кыдырды. Ал аскердик кызматтын уюштурулушу, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттар жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.
Ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн командирлеринин жана мекемелердин жетекчилеринин баяндамаларын угуп, жер-жерлердеги абал тууралуу маалымат алды.
Сапардын жыйынтыгында аныкталган маселелерди чечүү жана аскер бөлүктөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.