Кореялык компаниялар Кыргызстанда жаңы долбоорлорду ишке ашырат

Коом 23 сентябрь 2026 10:45
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.12 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.13.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.12.jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.12 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-09-23 at 07.13.13.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 23.09.26. /Кабар/. Сеул шаарында Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору Кореянын KIND корпорациясы жана бир катар кореялык компаниялар менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду.

Агенттиктен билдиришкендей, кол коюу биринчи Корея – Борбор Азия бизнес-саммитинин алкагында өттү.

Документ ELLAB, The Young Medi, VICHE, TG жана Exciting Republic компаниялары менен Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун даярдоо жана ишке ашырууга багытталган.

Кызматташтык санарип медицина жана саламаттык сактоо, агроөнөр жай жана кайра иштетүү, жасалма интеллект жана санариптештирүү, ошондой эле креативдүү индустрия жана XR-технологияларды камтыйт.

Анын алкагында санарип медицинаны өнүктүрүү, диагностикалык жана мобилдик медициналык комплекстерди түзүү, Smart Farm технологияларын киргизүү, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, AI жана санариптик чечимдерди ишке ашыруу боюнча долбоорлор каралууда.

Жетишилген макулдашуулар кореялык инвестицияларды тартууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстанда жаңы МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууга багытталган.