Координациянын начардыгы эмгек рыногунда көйгөй жаратууда – Маматканов

Коом Загрузка... 03 Июнь 2026 15:30
WhatsApp Image 2026-06-03 at 15.32.43.jpeg

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Координациянын начардыгынан азыр өлкөдө жумушсуздар да, жумушчу издегендер да бар экендигин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Ачык кабинет" медиа долбоорунун алкагында "Кабар подкаст" берүүсүнө билдирди.

Анын айтымында, учурда бул маселени чечүүнүн үстүнөн тиешелүү иштер жүрүп жатат.

"Бизде жумушчу издегендер, ошол эле мезгилде иш издегендер дагы бар. Миграция тармагынан алып карасак, миграцияга чыгып кеткендер да бар, ошол эле кезде биз чет өлкөдөн жумушчуларды өзүбүзгө жумушка чакырып жатабыз. Биз быйылкы, 2026-жылга 100 миң эмгек квотасын бердик. Эл менен иштөөнү күчөтүшүбүз керек", - деди ал.

Ал ошондой эле бүгүнкү күндө 700 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө эмгек мигранты катары иштеп жүрүшкөндүгүн, алардын көпчүлүгү Россияда эмгектенишерин кошумчалады.