“Коопсуз өлкө”: Соңку 5 жылда Ош шаарында кылмыштуулук 58 пайызга азайды

Президент Загрузка... 10 Апрель 2026 18:34
2019-08-09_12-34-30_363399.jpg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 10.04.26 /Кабар/. Ош шаарында 5 жыл ичинде кылмыштуулук 58 пайызга азайган. Бул тууралуу Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин айтымында, “Коопсуз өлкө” долбоору аркылуу 600 даана видеокамера орнотулуп, ийгиликтүү иштеп жатат.

“Орнотулган видеокамералардын натыйжасында, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын катталуусу эки эсеге азайды. Быйылкы жылы бала бакчалардан баштап, базарларга, ири соода борборлоруна, эл көп чогулган жерлерге жана туристтик аймактарга, шаардын сырткы жана ички каттамдарына дагы 500 даана видеокамера орнотулат”, — деди мамлекет башчысы.