Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Күн мурун Конституциялык сот Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү Баш мыйзамга ылайык келбейт деген тыянагын чыгарды. “Кабар” агенттигине юридика илимдеринин доктору, доцент Темирбек Нурматов билдиргендей, Конституциялык сот, деги эле кандай гана сот болбосун, Конституцияга, мыйзамдарга гана баш ийет, ошонун алкагында гана чечимдер кабыл алынат.
Темирбек Нурматовдун айтымында, Кыргызстан бир нече эл аралык келишимдердин, конвенциялардын, адам укугу, эркиндиктери боюнча документтерге кол койгон. Мына ошол документтердин алкагында милдеттенмелерди алган. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколунда өлүм жазасынан мамлекеттер баш тартыш керек жана киргизилбөө зарыл деген норма бар. Анын ордуна башка жазоо кароо керектиги белгиленген.

“Биздин өлкөнүн азыркы Конституциясында өлүм жазасы алынып салынган. Кылмыш жасагандарга эң жогорку жаза өмүр бою эркинен ажыратууга алмашылган. 2010-жылга чейин өлүм жазасына мораторий киргизилген. 2010-жылы июнь айында кабыл алынган Конституциянын негизинде Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу так-даана жазылып, өлүм жазасына юридикалык жактан бөгөт коюлган. Ошондон бери бул конституциялык норма болуп калган. Биздин мамлекет бир нече эл аралык келишимдердин, конвенциялардын, адам укугу, эркиндиктери боюнча документтерге кол койгон. Кыргызстан ошол документтердин алкагында милдеттенмелерди алган. Ошолордун ичинен бирден-бир эң негизги документтердин бири – бул Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын экинчи Факультативдик протоколу. Бул адамдардын саясий, жарандык, экономикалык укуктары боюнча беделдүү документ болуп саналат. Мына ушул эл аралык документке ылайык, өлүм жазасынан мамлекеттер баш тартыш керек жана киргизилбөө зарыл деген норма бар. Анын ордуна башка жазоо кароо керектиги белгиленген”, - деди Нурматов.
Ошондой эле ал бүгүнкү күндө коомчулукта өлүм жазасын киргизүүнү колдогондор да, бул жазага каршы пикирин билдиргендер да жок эместигин айтат.

Нурматов белгилегендей, мына ушундай учурда эң жогорку сот органы болгон Конституциялык сот өз тыянагын чыгарды. Эми Конституциялык соттун корутундусу күчүнө кирген учурдан тартып, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү камтыган мыйзам долбоору референдумга чыгарылышы мүмкүн эмес жана аны кабыл алуу демилгесин ишке ашыруу боюнча бардык жол-жоболор токтотулууга жатат.
“Кыргызстан укуктук мамлекет. Ошондуктан биз мыйзамга баш ийишибиз керек. Соттун чечими бардык жарандарга, мамлекеттик органдарга милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Бул укуктук мамлекет экенибизди, эл аралык милдеттенмелерди аткарарыбызды көрсөтүп турат. Конституциялык сот, деги эле кандай гана сот болбосун, Конституцияга, мыйзамдарга гана баш ийет. Ошонун алкагында гана чечимдерди чыгарат. Мына ушулардын негизинде иш-аракеттер жүрүп жатат деген ойдомун”, - деди юридика илимдеринин доктору.