Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Кыргызстандагы той-аштарды өткөрүү маданиятын калыптандыруу аракетин коомдук изденүү, улуттук изденүүнүн бир бөлүгү деп атасак болот. Мындай пикирин "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө мамлекеттик катчы Арслан Койчиев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз коому үрп-адаттар, каада-салттар үстөмдүк кылган коомдо жашагандыктан, аларды тез арада жоюп салуу мүмкүн эмес.
“Үрп-адаттарды өзгөртүү бул өтө консервативдүү көрүнүш. Себеби, биз үрп-адат, каада-салттар үстөмдүк кылган коомдо жашайбыз жана ошонубуз менен улутпуз. Үрп-адат, каада-салт биздин улуттук кулк-мүнөздүн, идентүүлүктүн бир элементи.
Ошондуктан эң башкысы жакшы бир кызуу талкуу болсун. Менин айтарым, ушул учурдан пайдаланып коом бир консенсуска келип алсак. Консенсус тапсак, ошонубуз менен биз коомбуз жана улутпуз”,- деди Койчиев.
Мамлекеттик катчы коомдук талкууга коюлган токтом долбоорун карапайым калктан баштап, тиешелүү адистерге чейин талкууга алса деген оюн айтты.
“Бул улуттук маданиятты жаңы бир тепкичке чыгарган көрүнүш болсо, баарыбыз үчүн утуш болот. Эң башкысы талкууга коюлган соң, коомдук билермандар, карапайым калк, керек болсо философ, социологдор активдүү катышып берсе жакшы болмок. Негизи кыргыздын үрп-адаттарын модернизациялоо аракеттери толугу менен 20 кылымдын ичинде болуп келди жана азыр 21-кылымда да уланууда. Ошондуктан аша чаап кетпей, эч бир күч колдонбостон консенсус аркылуу чечебиз деген чоң үмүттөмүн”- деди ал.
Эскерте кетсек, министрлер кабинети той-аштардагы ысырапкорчулукту токтотуу боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.