Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр темир жол менен жеткириле баштады

Коом 12 октябрь 2026 09:30
843533625_18096608840400035_5041732891259099061_n.jpg
842005504_18096608897400035_8617086119414286814_n.jpg
842206758_18096608819400035_2879567279260640380_n.jpg
842821494_18096608852400035_3147067606509283594_n.jpg
843048647_18096608948400035_5118886810478414_n.jpg
843168093_18096608915400035_91671027848406100_n.jpg
843339030_18096608798400035_6523980570816963772_n (1).jpg
843474380_18096608957400035_9188393590512819188_n.jpg
845505442_18096608882400035_2426572739933688684_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon "Кыргыз темир жолу" МИ

Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Кочкордон Бишкек ЖЭБине көмүр темир жол менен жеткириле баштады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынан билдиришти.

Кочкор темир жол бекетинен жүктөлгөн көмүр ташыган 15 вагон 11-октябрда Бишкек шаарындагы Аламүдүн темир жол бекетине келди.

"Эми Аламүдүн бекетиндеги көмүрдү Бишкек жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) жеткирүү иштери жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Бишкек ЖЭБине көмүр Балыкчы темир жол бекети аркылуу жеткирилип келген.

Эске салсак, Кочкор темир жол бекетинде көмүрдү вагондорго жүктөө алгачкы жолу 10-октябрда жүргүзүлгөн. Жалпы сыйымдуулугу 1 миң тоннаны түзгөн 15 вагон Бишкекке көмүр жеткирүү үчүн жөнөтүлгөн.