Буга чейин айдоочулук күбөлүк алуу үчүн керектүү маалымкаттарды чогултууга бир жума кетсе, ири габариттүү жүктөрдү ташууга уруксат алуу үч күнгө созулчу. Ал эми жер тилкесин бир категориядан экинчисине өткөрүү дээрлик бир жылга чейин созулуп кетчү. Бүгүнкү күндө “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында бул жол-жоболор бир нече саатта, айрымдары бир нече мүнөттө эле чечилип жатат.
Мындай өзгөрүүлөргө кантип жетишилди жана бул жарандар менен ишкерликке кандай мүмкүнчүлүктөрдү берди? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен маектештик.
— Адылбек Алешович, “Өкмөттүк акселераторлор” деген эмне жана Кыргызстан реформаларды ишке ашырууда эмне үчүн мындай ыкманы тандады?
— Бүгүнкү күндө өлкө мамлекеттик кызматтарды жана уруксат берүүчү документтерди жарандарга тез жана натыйжалуу көрсөтө алышы керек. Жарандар менен ишкерлер ашыкча бюрократиясыз, тез, түшүнүктүү жана жеткиликтүү кызматтарды күтүшөт.
Дал ушул максатта Бириккен Араб Эмираттарынын тажрыйбасынын негизинде “Өкмөттүк акселераторлор” программасы ишке киргизилген. “Акселератор” сөзү англис тилиндеги accelerate — “тездетүү” дегенди билдирет. Программанын негизги максаты — өзгөрүүлөрдү жөн гана талкуулоо менен чектелбестен, конкреттүү көйгөйдү 100 күндүн ичинде чечип, реформаны иш жүзүндөгү натыйжага жеткирүү.
Реформанын алдында президенттин администрациясы мамлекеттик органдар менен биргеликте социалдык-экономикалык жактан актуалдуу көйгөйлөрдү изилдеп, талдап, 100 күндүн ичинде чечүүгө мүмкүн болгон маселелерди аныктап жатты.
Андан кийин аппараттык кеңешмеде белгилүү бир көйгөйдү чечүү процессин баштап, алдыга коюлган милдеттерди жана максаттуу көрсөткүчтөрдү аныктап жаттык. Ошондон соң кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Ал 100 күндүн ичинде активдүү иш алып барып, коюлган маселеге жараша ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, маалыматтык системаларды, санариптик модулдарды жана сервистерди түзүү, иштелмелерди сыноо сыяктуу иштерди жүргүзөт.
2023-жылдан бери жалпысынан 26 реформа каралып, анын 24ү иш жүзүнө ашты. Анын ичинен 12 реформа былтыр, 7 реформа быйыл ишке ашырылды. Учурда дагы 2 реформа ишке ашыруу процессинде турат.
— Эмне үчүн 100 күн? Реформаларды ишке ашыруу үчүн бул мөөнөт өтө эле кыска эмеспи? Мунун сыры эмнеде?
— Конкреттүү көйгөйдү чечүү үчүн 100 күн жетиштүү мөөнөт деп эсептейм. Ошол эле учурда 100 күн — бул чечимдерди “кийинчерээк” деп жылдырып коюуга жол бербеген так мөөнөт.
Мунун сыры мөөнөттүн өзүндө эмес, иштөө ыкмасында. Көп учурда бир мамлекеттик кызматты көрсөтүү бир эле эмес, бир нече министрликтин жана ведомствонун ишине жана өз ара аракеттенүүсүнө байланыштуу болот. Эгер ар бир орган өзүнчө иш алып барса, жаран ар кайсы мекемелерге барып, документтерди чогултуп, макулдашууларды күтүүгө аргасыз болот.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүп, бардык процессти жарандардын же ишкерлердин көзү менен карайбыз. Башкача айтканда, кайсы жерде ашыкча маалымкат талап кылынарын, кайсы жерде маалымат кайра-кайра текшерилерин же макулдашуу узакка созуларын баарын талдайбыз.
Андан кийин зарыл эмес баскычтарды алып салып, зарыл болсо ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизебиз, кызматтарды санариптик форматка өткөрөбүз жана мамлекеттик маалыматтык системаларды бириктиребиз. Натыйжада мамлекеттик кызмат көрсөтүү жарандарыбыз үчүн кыйла жөнөкөй, тез жана ыңгайлуу болуп калат.
“Өкмөттүк акселераторлордун” дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү — мамлекеттик органдар өз ресурстарын конкреттүү көйгөйдү чечүүгө артыкчылыктуу тартипте багытташат. Ал эми президенттин администрациясы 100 күндүн ичинде бул процессти координациялап, мониторинг жүргүзөт жана иштин жүрүшүндө жаралган маселелерди ыкчам чечүүгө көмөк көрсөтөт.
— Бул программа биринчи кезекте кимге жардам берет? Жөнөкөй жарандаргабы же бизнескеби?
— Жарандарга да, бизнеске да. Жарандар үчүн бул кезекте күтүүнү азайтуу, кагаз түрүндөгү маалымкаттарды азыраак талап кылууну жана мамлекеттик мекемелерге кайра-кайра баруу зарылдыгын азайтууну билдирет. Ошондой эле “Түндүк” порталы аркылуу онлайн алууга боло турган кызматтардын саны көбөйүүдө.
Бизнес үчүн болсо административдик тоскоолдуктарды азайтуу, макулдашууларды тездетүү жана курулуш, транспорт жана салыктык башкаруу тармактарындагы уруксат берүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү дегенди билдирет. Жөнөкөй тил менен айтканда, биз жарандар жана ишкерлер мамлекет менен иштешүүдө көп жылдан бери негизги көйгөй катары айтып келген тоскоолдуктарды этап-этабы менен жоюп жатабыз.
— Муну баары түшүнө ала тургандай кылып, мисал келтирип берсеңиз.
— Эң жөнөкөй мисал — айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу. Буга чейин жарандар мамлекеттик мекемеге өзү барып, кезек күтүп, бир нече саатын коротууга аргасыз болчу. Азыр арызды онлайн берүүгө болот жана бардык жол-жобо 5–10 мүнөттүн ичинде эле аяктайт.
“Өкмөттүк акселераторлордун” негизги принциби да ушунда. Биз процессти жөн гана тездетпестен, адам ашыкча барып-келүүгө жана кезек күтүүгө убакыт коротпой тургандай кылып өзгөртүп жатабыз. Башкача айтканда, биз кезекти тездеткен жокпуз — кезектин өзүн жойдук.
— Кайсы реформалардын натыйжасын жөнөкөй жарандар көбүрөөк сезе алышты?
— Биринчи кезекте адамдар күнүмдүк жашоосунда көп колдонгон кызматтардагы өзгөрүүлөрдү белгилесек болот. Алардын катарына медициналык маалымкаттарды алуу, документтерди тариздөө, медициналык-социалдык экспертизадан өтүү жана мурда көп убакытты, кагаз иштерин талап кылган ар кандай мамлекеттик кызматтар кирет.
Мисалы, айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн медициналык маалымкат алуу мурда бир нече медициналык мекемеге барып, маалымкаттарды чогултуп, кезек күтүүнү талап кылчу. Азыр керектүү маалыматтар мамлекеттик маалыматтык системалар аркылуу автоматтык түрдө текшерилет. Маалымкат электрондук форматта түзүлүп, “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү болот. Натыйжада аны алуу мөөнөтү 7 күндөн 2 күнгө кыскарып, медициналык кароодон өтүү үчүн мурда бир нече жолу баруунун ордуна, алдын ала жазылуу менен бир жолу баруу жетиштүү болуп калды.
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн медициналык-социалдык экспертизадан өтүү тартиби да кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү. Буга чейин документтерди кароо 30 жумушчу күнгө чейин созулуп, 6 кагаз түрүндөгү маалымкат талап кылынса, азыр процесс электрондук форматка өткөрүлүп, мөөнөтү 5 жумушчу күнгө чейин кыскарды. Кагаз түрүндөгү 6 документтин ордуна “Түндүк” аркылуу жеткиликтүү болгон 2 санариптик документ колдонулат.
Дагы бир маанилүү өзгөрүү — мамлекеттик органдарга кайрылууда документтердин көчүрмөлөрүн нотариуста милдеттүү түрдө күбөлөндүрүү талабынын жоюлушу. Буга чейин жаран кошумча нотариуска барып, убактысын жана каражатын коротчу. Эми мамлекеттик органдар керектүү маалыматтарды ведомстволор аралык маалымат алмашуу системасы аркылуу өздөрү текшерип, документтин көчүрмөсүн түп нускасы менен салыштырышат.
Акыркы реформалардын бири санитардык китепчени тариздөө жол-жобосун санариптештирүүгө багытталды. Натыйжада санитардык китепчени алуу мөөнөтү 8 жумушчу күндөн 4 күнгө чейин кыскарып, кайрылуулардын саны 5тен 2ге азайды. Мындан тышкары, санитардык китепчелерди жасалмалоо тобокелдиги төмөндөп, жарандар, иш берүүчүлөр, медициналык уюмдар жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдар үчүн процесс кыйла ыңгайлашты.
Ошондой эле “Саламаттык укугу” санариптик кызматы ишке кирди. Эми каалаган жаран “Түндүк” тиркемеси аркылуу бир мүнөттүн ичинде өзүнө кайсы медициналык кызматтар акысыз же жеңилдетилген шартта көрсөтүлөрүн биле алат. Буга чейин мындай маалыматты алуу үчүн ар кандай мекемелерге кайрылып, телефон чалып, керектүү маалыматты өз алдынча издөөгө туура келчү.
Мындан тышкары, балдар менен окуучулардын медициналык документтери — 026/у формасы жана 095/у маалымкаты да санариптештирилди. Эми алар “Sanarip Clinic” системасындагы электрондук медициналык картадан түзүлүп, “Түндүк” аркылуу билим берүү уюмдарынын маалыматтык системаларына жана ата-энелердин мобилдик тиркемесине автоматтык түрдө жөнөтүлөт. Башкача айтканда, ата-эне маалымкатты мектепке өзү алып барбайт, ал эми билим берүү мекемеси баланын сабакка келбей калгандыгы тууралуу маалыматты ошол эле күнү алат. Мында 095/у маалымкаты дарыгердин кароосунан кийин гана берилет. Бул аны артка карай тариздөө мүмкүнчүлүгүн азайтып, ошол эле учурда дарыгердик сырдын сакталышын камсыздайт.
Балдарды профилактикалык көзөмөлдөн өткөрүү тартибине да өзгөртүү киргизилди. Эми мындай көзөмөлдөр мектептерде баары бир убакта өткөрүлгөн форматтан медициналык мекемеде толук кандуу кабыл алууга өткөрүлүүдө. Анын бардык жыйынтыгы баланын бирдиктүү электрондук ден соолук тарыхчасында сакталат. Система керектүү кароолор менен текшерүүлөрдүн көлөмүн өзү аныктап, адистердин корутундуларын бириктирип, сунуштарды түзөт. Натыйжада мамлекет балдардын ден соолугу тууралуу так маалыматка ээ болот. Профилактикалык кароолор менен камтууну 100 пайызга жеткирүү күтүлүүдө, ал эми бюджеттик каражаттарды үнөмдөө 50 млн сомдон ашат.
Мындан тышкары, чет өлкөдө жүргөн эмгек мигранттары үчүн ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууга катышууну жеңилдеткен өзүнчө реформа жүргүзүлдү. Буга чейин Салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү үчүн Кыргызстандын аймагындагы салык органына жеке кайрылуу талап кылынчу. Ошондой эле мобилдик телефон номери жок болсо, “Түндүк” тиркемеси аркылуу катталып, электрондук кол тамга алуу мүмкүн эмес эле. Ыктыярдуу камсыздандыруу төгүмдөрүн банк картасы аркылуу аралыктан төлөөгө да шарт жок болчу.
“Өкмөттүк акселераторлордун” алкагында бул тоскоолдуктар жоюлду. “Түндүк” системасында аралыктан катталуу, Салык төлөөчүнүн кабинетине дистанциялык кирүү, ыктыярдуу пенсиялык камсыздандырууну тариздөө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн банк картасы аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Натыйжада эмгек мигранттары өлкөнүн сыртында жүрүп эле мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу системасына катыша алышат жана бул үчүн мамлекеттик органдарга жеке кайрылуунун зарылдыгы жок.
Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгын адам мамлекеттик системага эмес, мамлекеттик система адамга ыңгайлашууга тийиш деген бир принцип бириктирип турат. “Өкмөттүк акселераторлордун” негизги максаты да ушунда.
— Бизнес, атап айтканда, ишкерлер, курулуш компаниялары жана ташуу тармагындагылар кандай өзгөрүүлөрдү сезди?
— Бизнес үчүн эң чоң пайда – убакытты жана чыгымды үнөмдөө. Ишкер макулдашууларды күтүп, көптөгөн документтерди чогултуп, мамлекеттик органдардын эшигин кагып убакыт коротпой, түздөн-түз өз ишин өнүктүрүүгө көңүл бура алат.
Мисалы, жеке ишкерлерди салыктык кайра каттоону толугу менен санарип форматка өткөрдүк. Азыр салык режимин өзгөртүү, ишмердүүлүктүн түрлөрүн же салыктык каттоо дарегин жаңыртуу сыяктуу иштерди аралыктан жүргүзүүгө болот. Мурда бул үчүн салык органдарына барып, бир нече күн коротуу талап кылынса, азыр көпчүлүк операциялар онлайн жүргүзүлөт. Айрым кызматтар күнү-түнү жеткиликтүү.
Дагы бир маанилүү реформа – жеке мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү болду. Кыргызстанга жаңы билим берүү мекемелери керек. Бирок буга чейин лицензия алуу төрт айга чейин созулчу. Биз бул процессти электрондук форматка өткөрүп, ашыкча макулдашууларды жоюп, ведомстволор аралык маалымат алмашууну жолго койдук. Натыйжада лицензия алуу мөөнөтү 20 күнгө чейин кыскарды.
Ушундай эле иштер медициналык жана фармацевтикалык ишмердүүлүктү лицензиялоо багытында да жүргүзүлдү. Буга чейин ишкерлер лицензия алуу үчүн мамлекеттик органдарга барып, документтерди кагаз түрүндө тапшырып, лицензияны 30 күнгө чейин күтүшчү. Айрыкча аймактардагы ишкерлер үчүн бул бир топ түйшүк жаратчу. Анткени керектүү процедуралардан өтүү үчүн Бишкекке бир нече жолу келип кетүүгө туура келчү.
Азыр бул процесс да жөнөкөйлөштүрүлүп, санарип форматка өткөрүлдү. Арызды жана керектүү документтерди өлкөнүн каалаган аймагынан онлайн тапшырып, кызмат акысын аралыктан төлөп, арыздын кароо статусун көзөмөлдөөгө болот. Натыйжада лицензия берүү мөөнөтү 30 күндөн 6–15 күнгө чейин кыскарды.
Мамлекет административдик тоскоолдуктар азайса мындан баары утат. Ишкерлер долбоорлорун тезирээк ишке киргизет, ал эми жарандар жаңы жумуш орундарын, билим берүү жана башка кызматтарды тезирээк алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
— Курулуш тармагында да олуттуу өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу айтып берсеңиз.
Курулуш – чечимдерди тез кабыл алуу өзгөчө маанилүү болгон тармактардын бири. Инвестор же куруучу уруксат берүүчү документтерди канчалык тез алса, турак жайларды, мектептерди, ооруканаларды, ишканаларды жана башка объектилерди куруу иштери ошончолук тез башталат.
Ошондуктан курулушка уруксат алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, макулдашуулардын санын кыскарттык жана “Бирдиктүү терезе” принцибин этап-этабы менен киргизип жатабыз. Натыйжада уруксат берүүчү документтерди алуу мөөнөтү кыйла кыскарды. Ири объектилер үчүн бул мөөнөт 180 жумушчу күндөн 60 күнгө, аянты 500 чарчы метрге чейинки объектилер үчүн 90 күндөн 30 күнгө, ал эми чакан объектилер үчүн 20 жумушчу күнгө чейин кыскарды.
Атап айтканда, документтерди күтүүгө кеткен убакытты үч эсеге кыскарттык. Бул курулуш долбоорлорун тезирээк баштоого, инвестиция тартууга жана жаңы турак жайларды, социалдык объектилерди пайдаланууга берүүгө шарт түзөт.
— Жарандарга өлкөнүн фондулук рыногуна аралыктан инвестиция салууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул тууралуу да айтып берсеңиз.
— Мамлекет баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө жана жарандарга ар кандай баалуу кагаздарды онлайн сатып алып, өз каражатын инвестициялоону ыңгайлуу кылууга багытталган иштерди жүргүзүп жатат.
Буга чейин жаран баалуу кагаз сатып алуу үчүн брокердин кеңсесине барып, келишим түзүп, брокердик эсеп ачкандан кийин гана баалуу кагаз сатып ала алчу. Брокердик кеңселер негизинен Бишкек жана Ош сыяктуу ири шаарларда жайгашкандыктан, бул процесс орто эсеп менен эки күнгө чейин созулчу.
Реформанын алкагында бул жол-жобо толугу менен аралыктан жүргүзүлө турган форматка өткөрүлдү. Эми санариптик идентификация, мамлекеттик маалыматтык системалар менен интеграция жана маалыматтарды автоматтык текшерүү аркылуу баалуу кагаздарды онлайн сатып алуу 15 мүнөткө чейин кыскарды. Мында брокердин кеңсесине баруунун зарылдыгы жок.
Эми жарандар, ошондой эле чет өлкөдө жашаган Кыргызстандын жарандары онлайн режимде ата мекендик баалуу кагаздарды сатып алып, өлкөбүздүн экономикасына инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышты.
— Кайсы реформа эң татаал болду?
— Эң татаал реформалардын бири жерлерди трансформациялоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө байланыштуу болду. Көп жылдар бою бул маселе инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги тоскоолдуктардын бири болуп келген. Жер тилкесинин категориясын өзгөртүү үчүн инвесторлор көптөгөн макулдашуулардан өтүүгө аргасыз болуп, бул процесс айрым учурларда бир жылдан да узакка созулчу.
Биз бул системаны кайра карап чыгып, административдик жол-жоболордун санын кыскарттык, макулдашуулардын тартибин жөнөкөйлөтүп, талаптарды түшүнүктүү жана ачык-айкын кылдык. Натыйжада жер тилкесин трансформациялоо мөөнөтү бир жылдан үч айга чейин кыскарды.
Бул инвесторлорго узакка созулган бюрократиялык жол-жоболорго убакыт коротпостон, ишканаларды, турак жайларды жана башка объектилерди курууга кыйла тез киришүүгө мүмкүнчүлүк берет.
— Өзүнчө бир багыт – бул жүк ташуу. Транспорт тармагына байланыштуу бир нече реформа жүргүзүлдү. Эмне үчүн бул багыт артыкчылыктуу болуп калды?
— Кыргызстанда көптөгөн инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын алкагында ар кандай жабдууларды жана керектүү тетиктерди чет өлкөлөрдөн алып келүүгө туура келет. Ошондуктан жүктөрдүн чек арадан өтүшүн жана бажылык тариздөө жол-жоболорун мүмкүн болушунча тездетүү маанилүү.
Мындан тышкары, Кыргызстандын транзиттик потенциалы чоң. Өлкөбүз аркылуу жүк ташуу канчалык тез жана оңой жүргүзүлсө, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугу менен атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү ошончолук жогорулайт. Ошондой эле өлкөнүн аймактагы ишенимдүү транспорттук-логистикалык борбор катары позициясын бекемдөөгө шарт түзүлөт.
Мисалы, ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташууга атайын уруксат берүү процессин толугу менен электрондук форматка өткөрдүк. Мурда мындай уруксаттарды макулдашуу үч күнгө чейин созулса, азыр болжол менен бир саатта бүтөт. КМШ өлкөлөрүнүн арасында ири габариттүү жана оор жүктөрдү ташууга уруксаттарды макулдашуу жана берүү ылдамдыгы боюнча алдыңкы орундардын биринде турабыз.
Дагы бир маанилүү багыт – Кытай менен эл аралык унаа ташуулары. E-Permit маалыматтык системасын киргизүүнүн натыйжасында ташууга уруксат алуу мурдагыдай бир сутканы эмес, болжол менен 10 мүнөттү гана талап кылат.
Мындан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин чек араларындагы транспорттук көзөмөл жол-жоболорун да жөнөкөйлөттүк. Кайталанган текшерүүлөр жоюлуп, мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук маалымат алмашуу жолго коюлду. Бул ташуучуларга чек арадан тезирээк өтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Акыркы ишке ашырылган реформалардын дагы бири товарларды бажылык тариздөөгө байланыштуу. Буга чейин ишкерлер экспорттук көзөмөл жана тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын колдонуу боюнча мамлекеттик органдардын расмий түшүндүрмөсүн эки жумага чейин күтүшчү. Бул убакыттын ичинде жүк убактылуу сактоо кампаларында туруп калчу.
Азыр бул процесс “Бирдиктүү терезе” системасы аркылуу электрондук форматка өткөрүлдү. Ал эми жасалма интеллект технологиялары мамлекеттик органдардын адистерине маалыматтарды тезирээк талдоого жардам берип жатат. Мындан тышкары, маалыматтар топтолгон сайын жасалма интеллект тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына бажылык жана транспорттук маалыматтарды тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшыруу үчүн толтурууга жана киргизүүгө да көмөктөшөт.
Натыйжада расмий түшүндүрмө берүү мөөнөтү 14 календардык күндөн 3 жумушчу күнгө чейин кыскарды.
Бул өзгөрүүлөрдүн негизги жыйынтыгы жөнөкөй. Бизнес чек арадан өтүүгө жана бажылык тариздөөгө мурдагыдан аз убакыт жана каражат коротот. Ошол эле учурда Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдү байланыштырган кыйла ыңгайлуу, ишенимдүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү транспорттук-логистикалык коридорго айланып жатат.
— Жыйынтыктап айтсак, ушул реформалардын баарын эмне бириктирет жана мындан ары кандай иштер аткарылат?
— Жыйынтыктап айтканда, так максат коюлуп, саясий эрк болуп, мамлекеттик органдар бир багытта иш алып барса, олуттуу өзгөрүүлөрдү кыска мөөнөттө ишке ашырууга болот. “Өкмөттүк акселераторлор” эң татаал административдик жол-жоболорду да жөнөкөйлөтүүгө болорун көрсөттү. Бул үчүн мамлекеттик кызматты адамдын жана ишкердин көзү менен карап, анын кайсы жерде убактысы жана күчү коротулуп жатканын түшүнүү маанилүү.
Бирок программанын негизги натыйжасы кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтүн гана кыскартуу эмес. Эң башкысы – мамлекеттик аппараттын иштөө ыкмасын өзгөртүү. Биз иштин жүрүшүнө эмес, анын акыркы натыйжасына басым жасаган жаңы башкаруу маданиятын калыптандырып жатабыз. Мамлекеттик кызматкерлер бир команда болуп иштөөгө, чечимдерди тез кабыл алууга жана конкреттүү натыйжага жетишүүгө үйрөнүп жатышат. Ошондуктан бүгүнкү күндө бул программа мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Биз муну менен токтоп калбайбыз. Административдик тоскоолдуктарды мындан ары да азайтуу, бизнес жана инвестиция үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жаңы реформалар буга чейин эле даярдалып жатат.
Бул иштердин бардыгы пррезидент Садыр Жапаровдун туруктуу колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Анын демилгеси менен өлкөдө заманбап, натыйжалуу жана санариптик мамлекеттик башкаруу системасын түзүү боюнча иштер ырааттуу улантылып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси катары программанын ишке ашырылышын жеке көзөмөлүмдө кармап турам.
Биздин негизги максат – реформалардын жыйынтыгы кагаздагы отчеттордо же статистикалык көрсөткүчтөрдө гана калбастан, ар бир адамдын күнүмдүк жашоосунда сезилиши. Биз бул ишти дал ушул максатта улантып жатабыз.