Күлгө айланган айылыбызды гүлгө айлантып, шаарча кылып бердиңиз – Жаңы-Достук айыл тургуну

Аймак 12 октябрь 2026 12:10
Күлгө айланган айылыбызды гүлгө айлантып, шаарча кылып бердиңиз – Жаңы-Достук айыл тургуну

Бишкек, 12.10.26. /Кабар/. Күлгө айланган айылыбызды гүлгө айлантып, шаарча кылып бердиңиз, жалпы элдин атынан сизге ыраазычылык билдирем. Мындай пикирин Баткен районунун Жаңы-Достук айылынын тургуну президент Садыр Жапаровдун эл менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Айыл тургуну мамлекет башчысы кызматка киришкенден бери Баткен районунда бир катар курулуштар жүргүзүлүп, өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеп, элдин атынан ыраазычылык билдирип өттү.

Ошондой эле ал 2020–2021-жылдардагы чек ара жаңжалында өрттөнүп кеткен үйлөр үчүн келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси дагы эле чечиле электигин айтып, жардам сурады.

Мындан тышкары, айыл тургуну пенсиясынын өлчөмүнө байланыштуу көйгөйүн көтөрдү. Анын айтымында, СССР мезгилинде Кызыл-Бел совхозунун кеңсеси, анын ичинде архиви өрттөнүп кеткендиктен, эмгек стажы толук эсепке алынбай калган.

“Эмгек стажым 40 жылдан ашык. Бирок, жер үлүшү менен 2 миң 200 сом пенсия менен чыккам. Азыр пенсиям 10 миң сомго араң жетип жатат. Ушул пенсия маселесин чечип берсеңиз”, — деди ал.

Президент Садыр Жапаров бул маселелер боюнча тиешелүү кызматка сөз берип, жообун укту.