Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Санариптештирүү процессинин, маалыматтык технологиялардын өнүгүшү менен кылмышкерлер бир адамга гана эмес, жалпы мамлекеттик структураларга да коркунуч келтирүүдө. Бул тууралуу Бишкекте өткөн киберкоопсуздук боюнча эл аралык илимий-практикалык конференцияда Эл аралык университеттин профессору, юридика илимдеринин доктору Бактыбек Алымбеков “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, эл аралык конференция бүгүнкү күндө актуалдуу болгон киберкылмыштуулук, киберкоркунучтар темасында өтүүдө.
“Белгилүү болгондой, дүйнөдө санариптештирүү процесси жүрүп, маалыматтык технологияларды бир топ мамлекеттер өзүнүн жашоо-турумушунда кеңири пайдаланып калышты. Сөзсүз түрдө мунун жакшы жактары, өнүгүүгө таасир берген багыттары көп. Бирок, тилекке каршы анын катарында кылмышкерлер да жөн отурбастан бул технологияларды пайдалануу менен бир адамга гана эмес, жалпы мамлекеттик структураларга да коркунучтарды келтирүүдө. Ошондуктан менинче бир эле Кыргызстандын деңгээлинде эмес, коңшу мамлекеттердин тиешелүү өкүлдөрүнүн катышуусунда мындай илимий иш-чаранын өткөрүлүп жатканы жакшы көрүнүш. Конференцияга Казакстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Кыргызстандан окумуштуулар, тиешелүү органдардын, мекемелердин өкүлдөрү катышууда. Иш-чаранын катышуучуларынын ортосунда өз ара билим жана тажрыйба алмашуу жүрүүдө”,- деди Алымбеков.
Ошондой эле ал киберкылмыштуулук багытындагы мыйзам базасы боюнча аймакта Казактан бир топ алдыда экендигин маалымдады.
“Киберкылмыштуулук жаатында аталган коңшу өлкөлөрдүн мыйзамдары кандай, ошол багытта тажрыйба алмашып жатабыз. Менин байкоомдо бизге салыштырмалуу Казакстан бир топ алдыга кетип жатыптыр. Алсак, Казакстан жасалма интеллект боюнча да мыйзам кабыл алышыптыр. Андан тышкары, өздөрүнүн мыйзамдарына бир топ өзгөрүүлөрдү киргизип жатышкандыгын бүгүн белгилеп кетишти.
Бирок, биздин өлкөдө да бул бугатта бир топ иштер жүрүп жатат. Киберкылмыштуулук боюнча 2024-жылы мыйзам кабыл алганбыз. Бул иштерди дагы өнүктүрүү зарыл. Бүгүнкү илимий иш-чарада айтылган ой-пикирлерди, тажрыйбаларды эске алышыбыз керек”,- деди ал.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек шаарында “Киберкоопсуздук: уюштуруучулук-укуктук маселелер, эл аралык жана улуттук стандарттар, көйгөйлөр, коркунучтар, чакырыктар жана алардын Борбор Азия өлкөлөрүнүн улуттук коопсуздугуна тийгизген таасири” аталган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп, өлкөлөр арасында биргелешкен меморандумдарга кол коюлду.