Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген катышуучулар жана коноктор туура жана пайдалуу тамактанууга өзгөчө көңүл бурушу керек. Мындай кеңешти гастроэнтеролог Мамраим Жумабаев билдирди.
Анын айтымында, оюндардын жүрүшүндө фаст-фуддан, өтө майлуу жана оор тамактардан, ошондой эле газдалган жана канттуу суусундуктардан мүмкүн болушунча баш тартуу сунушталат.
Адис таза сууну жетиштүү өлчөмдө ичип, тамактануу режимин сактоо организмди сергек кармоого жана ден соолукту сактоого жардам берерин белгиледи.
Гастроэнтеролог катышуучуларды жана конокторду ден соолугуна кам көрүп, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан жагымдуу таасир жана жакшы маанай менен кайтууга чакырды.