Көчмөндөр оюндары: Кыргыз күрөшү боюнча мелдештер башталды

3 сентябрь 2026 14:30

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдеш башталды.

Мелдешке 44 мамлекеттен 92 балбан катышат.

Ал эми Кыргызстандан үч салмак категориясы боюнча үч балбандын катышуусу күтүлүүдө.

Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.