Касымалиев: Клиникалык оорукана — алдыңкы медициналык мекеме

Министрлер кабинети 8 октябрь 2026 12:30
6ac72f5d5a3fc-thumb.jpeg
6ac72f5c3cb3b-thumb.jpeg
6ac72f5d5a3fc-thumb.jpeg
6ac72f56db010-thumb.jpeg
6ac72f60df9cf-thumb.jpeg
6ac72f63a4016-thumb.jpeg
6ac72f67ba73d-thumb.jpeg
6ac72f67dceba-thumb.jpeg
6ac72f645f68b-thumb.jpeg
6ac72f5233550-thumb.jpeg
6ac72f6082541-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6ac72f5d5a3fc-thumb.jpeg
6ac72f5c3cb3b-thumb.jpeg
6ac72f5d5a3fc-thumb.jpeg
6ac72f56db010-thumb.jpeg
6ac72f60df9cf-thumb.jpeg
6ac72f63a4016-thumb.jpeg
6ac72f67ba73d-thumb.jpeg
6ac72f67dceba-thumb.jpeg
6ac72f645f68b-thumb.jpeg
6ac72f5233550-thumb.jpeg
6ac72f6082541-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 08.10.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Клиникалык оорукана" мамлекеттик мекемесинин 80 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Жамаатты жана мекеменин ардагерлерин ушул маанилүү дата менен куттуктап жатып, МинКаб Төрагасы оорукананын улуттук саламаттык сактоо системасынын калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымын белгиледи.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, мекеменин 80 жылдык баяндамасы – бул бир нече муун дарыгерлердин жана медицина кызматкерлеринин жан аябас эмгегинин, парзга берилгендиктин жана ата мекендик медицинанын тынымсыз кесиптик жактан өркүндөшүнүн тарыхы.

"Ондогон жылдыктар бою Клиникалык оорукана өлкөбүздүн алдыңкы медициналык мекемелеринин бири бойдон калууда. Бул жерде күчтүү кесиптик мектеп калыптанган, медицинанын алдыңкы багыттары ийгиликтүү өнүккөн жана дарылоонун прогрессивдүү ыкмалары киргизилген", — деп баса белгиледи ал, мисал катары бейтаптын боорунан салмагы 5 килограммга жакын шишикти ийгиликтүү алып салууну келтирди.

2021-жылдан тартып медициналык мекемеде материалдык-техникалык базаны масштабдуу жаңыртуу жана бөлүмдөрдү заманбап диагностикалык жана дарылоочу жабдуулар менен жабдуу боюнча системалуу иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди. Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев мекеменин инфраструктурасын мындан ары стратегиялык өнүктүрүү пландарын жарыялады.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жакынкы жылдарда жаңы заманбап 12 кабаттуу медициналык корпус куруу пландаштырылууда.

"Инфраструктураны кеңейтүү жана материалдык-техникалык базаны комплекстүү модернизациялоо калкка сапаттуу, өз убагында жана жогорку технологиялуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасы.

Соңунда Адылбек Касымалиев медиктерге оор жана асыл эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, Клиникалык оорукананын жамаатына бекем ден соолук, кесиптик бийиктиктерди жана мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалады.