Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы “Биримдик кербенинин” салтанаттуу тосуп алуу аземине катышты.
Иш-чара Кырчын жайлоосундагы “Кут Ордо” негизги сахнасында өтүп, анда республикалык жана чет элдик меймандардын көч кербени тосуп алынды.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары бүгүнкү күндө спорттук мелдеш гана болбостон, элдерди бириктирген, тарыхый-маданий мурастарды тааныткан маанилүү эл аралык аянтчага айланганын белгиледи.
Ал “Биримдик кербени” да кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин жана достугун даңазалаган өзгөчө мааниге ээ иш-чара экенин айтты.
Белгилей кетсек, “Биримдик кербени” — Кыргызстандын бардык аймактарын камтыган 40 күндүк маданий-символдук жүрүш. Анын негизги максаты — элдин биримдигин, ынтымагын, достугун жана көчмөндөрдүн салт-санаасын даңазалоо.
Кербендин өзгөчөлүгү — өлкөнүн ар аймагындагы ыйык булактардан алынган сууларды бир жерге чогултуу. Долбоор Баткен облусунун Лейлек районундагы Төө жайлоосунда жайгашкан Шооваз булагынан суу алуу менен башталган. Суу атайын көөкөргө куюлуп, атчандар коштогон кербен аркылуу өлкөнүн аймактарын аралап өткөн.
Долбоордун жүрүшүндө аймактардан алынган булак суулары бир идишке бириктирилип, бул Кыргызстандын бардык аймактарынын бир бүтүн экенин жана элдин күчү ынтымакта экенин символдоштурду.
Уюштуруучулардын айтымында, суу “Биримдик кербенинде” жашоонун, тазалыктын, руханий жаңылануунун жана биримдиктин символу катары тандалган. Ошондой эле суу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги символдорунун бири болуп саналат.
Кырчын жайлоосунда “Биримдик кербенинин” келиши менен аймактардан чогулган сууларды бириктирүү аземи өткөрүлүп, көчмөндөрдүн салттуу көч маданияты жана заманбап маданий иш-чара айкалыштырылды.
Белгилей кетсек, "Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.