Каракол мэри: Балдарга бактылуу келечек тартуулоо — биздин башкы максат

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 12:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.06.26. /Кабар/. Балдардын бактылуу чоңоюшу үчүн бардык шарттарды түзүү биздин башкы максатыбыз. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Талантбек Иманов Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган майрамдык салтанатта билдирди.

Алгач калаа башчысы балдарды, ата-энелерди жана меймандарды майрамы менен куттуктап, мындай иш-чаралар балдардын эсинде жаркын элестерди калтырып, алардын тарбиясында маанилүү экендигин белгиледи.

Маалымдалгандай, Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата майрамдык салтанат өтүүдө.

Иш-чарага катышкан “Евразия Кыргызстан” аймактык башкармалыгынын директору Кымбат Урумкулова балдарды майрамы менен куттуктап, кийинки муундарды сапаттуу билим жана жаркын келечек камсыздоо маанилүү экениндигин айтты.

Андан соң ырчы Амирчиктин аянтка келиши балдардын кызыгуусун жаратып, ал шаар мэри менен бирге майрамдык аймакты кыдырып, күйөрмандары менен жолугуп, балдар менен эстеликке сүрөткө түштү.